Бишкектин Асаналиев көчөсүндөгү темир жол өтмөгүндө унаа кыймылы чектелетЭкинчи ата-эненин макулдугусуз. Балдардын чет өлкөгө чыгуусу жеңилдетилиши мүмкүнБишкекте Чүй проспектисинин оңдолгон бөлүгү ачылдыБишкекте жети өлкөнүн компаниялары катышкан эл аралык өнөр жай көргөзмөлөрү өтөтСанитардык талаптарга жооп бербейт: Өзгөн районундагы мал союучу жай жабылдыКыйылган бир дарактын ордуна бешөө. ЖКда бак-дарактарды коргоонун жолун сунушташты
Чүйдөгү төрөт үйүндө төрт эм төрөлдү
10.02.2023 | 16:35
Бүгүн, 10-февралда Чүй облустук төрөт үйүндө төрт эм төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, төрөт кесарево жолу менен болгон. 29 жаштагы А.К. аттуу келин бир уул жана үч кыз төрөгөн.
Биринчи ымыркай (кыз) салмагы 2494 грамм, бою 48 см, экинчиси (кыз) салмагы 2048 грамм, бою 46 см, үчүнчүсү (кыз) салмагы 2218 грамм, бою 46 см жана төртүнчүсү (эркек) салмагы 2432 грамм, бою 48 см болуп төрөлгөн.
Дарыгерлердин айтымында, эне менен балдардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом