Кыз менен жолугушууга келгенде, эки адам тоноп кеткен. Окуянын чоо-жайы

Кыз менен жолугушууга келгенде, эки адам тоноп кеткен. Окуянын чоо-жайы

Бишкекте тоноого шектелген эки жаран крамалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 21-январда милицияга Д.М. аттуу жаран кайрылган. Ал арызында билдиргендей, 18-январда болжол менен саат 02:00до, Ак-Ордо конушуна социалдык тармактар аркылуу таанышкан кыз менен жолугушууга барганда,аны эки бейтааныш адам тоноп кеткен.

Алар күч колдонуп 3,5 миң сомдук сумка жана анын ичиндеги 16 миң сомдук iPhone 8 үлгүсүндөгү телефонун, банктык карта жана жеке буюмдарын тартып алган. Келтирилген зыян 20 миң сомду тузгөн.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Бул кылмышка шектүү катары 20 жаштагы Р.М. жана 21 жаштагы Н.С. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда шектүүлөрдүн ушул өңдүү дагы бир кылмышка катыштыгы бар экени аныкталган.

Милиция шектүүлөрдүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан же кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды 0(700) 396 505, 0(700) 683  774 номерлерине же 102 кызматына кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>