Чүйдүн Луговое айылында массалык мушташ болдубу? Милициянын жообу

Чүйдүн Луговое айылында массалык мушташ болдубу? Милициянын жообу

Чүйдүн Аламүдүн районунун Луговое айылында массалык мушташ болгону тууралуу маалымат туура эмес. Бул тууралуу Reporter.kg’ге облустук милициядан билдиришти.

Эскерте кетсек, буга чейин жергиликтүү ММКлардын бири Луговое айылында жергиликтүү тургундардын арасында массалык мушташ чыкканы тууралуу жазган. Басылма милициядагы өздүк булактарына таянып билдиргендей, бир тургун айылдашын сабап салган. Жыйынтыгында бул окуяга чырдашкандардын тааныш-туугандары аралашып, мушташ болгон.

Милиция массалык мушташ болгону тууралуу маалыматты төгүндөдү. Облустук милиция билдиргендей, Луговое айылында бир адам башка жаранды сабаган. Окуядан кийин уруш болгон жерге көп эл топтолуп калган. Бирок массалык мушташ болгон эмес.

Милициянын расмий маалыматы боюнча, 10-июнда болжол менен саат 21:30да Луговое айылында «Миг» аттуу дүкөндүн жанында белгисиз адамдар 29 жаштагы Т.Ж. аттуу жаранды сабаган. Ага байланыштуу ал милицияга арыз менен кайрылган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары Ленин айылынын 31 жаштагы К.Ж. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда иликтөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>