Чыңгыз Айтматов атындагы жаштар сыйлыгына сынак жарыяланды

Чыңгыз Айтматов атындагы жаштар сыйлыгына сынак жарыяланды

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгын алууга сынак жарыялады. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.

Маалыматка караганда, салттык руханий-адеп-ахлактык жана маданий баалуулуктарды өнүктүрүү жана сактоо, гуманизм жана жаш муундарды мекенчилдикке жана жаратмандыкка тарбиялаган чыгармаларды жаратууга, рухий дене бой жактан тарбиялоо принцибин бекемдөө, ошондой эле өлкөнүн мыкты чыгармачыл күчтөрүн аныктоо максатын көздөгөн сынак өз ичине 11 номинацияны камтыйт.

Сыйлык төмөнкү 11 номинация боюнча ыйгарылмакчы:

— «Адабият жаатындагы мыкты чыгарма»;

-«Журналистика жана телекөрсөтүү жаатындагы мыкты чыгарма»;

-«Музыкалык искусствонун мыкты чыгармасы жана аткаруучулук чеберчилик»;

-«Көркөм искусствонун мыкты чыгармасы (живопись, скульптура, графика, декоративдик-колдонмо жана монументтик искусство)»;

— «Шаар курулушу, архитектура менен дизайн жаатында ишке ашырылган мыкты долбоор»;

— «Театр жана цирк искусствосунун мыкты чыгармасы»;

— «Кино жаатындагы мыкты жетишкендик (сценарийлик, композитордук, режиссердук, операторлук жана актердук иштер)»;

— «Илим жана жаңы технологиялар жаатындагы мыкты иш»;

-«Экономика, бизнес менен меценаттык жаатындагы мыкты жетишкендик»;

— «Спорт жаатындагы мыкты жетишкендик»;

— «Жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн» сыйлыктар каралган.

Ар эки жылда бир тапшырылуучу мамлекеттик жаштар сыйлыгынын жеңүүчүсүнө 100 000 сом акчалай сыйлык, атайын төш белги жана баалуу белектер тапшырылмакчы.

Тиешелүү документтер 2023-жылдын 10-авгусуна чейин кабыл алынат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>