CNN: АКШда бурганактан тогуз киши каза болду

CNN: АКШда бурганактан тогуз киши каза болду

Америка Кошмо Штаттарын каптаган кар бороонунан кеминде тогуз адам каза болгонун CNN жума күнү билдирди.

Негизинен аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам адамдардын өлүмү Огайо, Кентукки, Миссури жана Канзас штаттарында катталган.

Ушул жумада Кошмо Штаттардын чоң бөлүгүнө суук, катуу шамал  болуп, кар жаап жатат. Көптөгөн штаттарда температура рекорддук чекке чейин төмөндөдү, ал эми Вайоминг штатында температуранын рекорду жаңыланды.  Минус 41 градуска чейин төмөндөдү.

Жума күнү АКШда аба ырайынын бузулушунан улам, flyaware.com порталынын маалыматы боюнча, 5,4 миңден ашык каттам токтотулду. poweroutage.us сайтынын маалыматы боюнча, өлкөдө 590 миңден ашуун үй жана ишканалар кар бороонунан улам электр жарыгысыз калды.

АКШнын бийликтери өлкөнүн көптөгөн аймактарында рекорддук үшүк жана кар бороонун күтүүдө, ошондуктан бир катар штаттарда өзгөчө кырдаал киргизилген. Маселен, Джорджия, Кентукки, Нью-Йорк, Оклахома, Түндүк Каролина, Түштүк Дакота штаттарынын губернаторлору өзгөчө кырдаал жарыяласа, башка штаттардын лидерлери куткаруу кызматтары жана АКШнын Улуттук гвардиясынын аскерлери кырдаалды жеңүү үчүн жогорку даярдыкта турганын жарыялашты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: АКШ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>