Абактагы Бузурманкулов кыйноого кабылганын айтып чыкты

Абактагы Бузурманкулов кыйноого кабылганын айтып чыкты
Кемпир-Абад маселеси боюнча абакта жаткан Айбек Бузурманкулов шарты өтө начар камерага которуп салганын айтып, Кыргызстандын акыйкатчысы Атыр Абдырахматовага жана Кыйноолорго каршы борборго болгон кайрылуусу Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.
«2022-жылдын 22-декабрында кезектеги кечки текшерүүдөн кийин себебин айтпай жашап жаткан камерадан башка камерага которуп салышты. Жаңы келген камеранын абалы өтө начар, ичи өтө кир, жарык берүүсү да өтө күңүрт көздү оорутат. Таракандар быжырап ичин толук каптап кеткен. Кыскасы адамдын жашоосуна өтө начар ылайыктанышкан. Психологиялык пытка деп айтса да жарашат.
Мындай ыплас, майда, кекчил кадамдарга бийлик, саясий туткундардын эркиндигинен чектелгендигине карабастан СИЗО-1ден да тынбай кат аркылуу, сот процесстеринде чындыкты, өз эркин оюн айтып саясий күрөштү улантып жатканына жолтоо болуп, басым жасап жатат деп эсептейм. Бул майда, кекчил, ыплас кадамдар менен бийлик биздин эркиндигибизди чектесе да оюбузду, сөзүбүздү, ички демибизди чектей албайт. Кыргыз элинин келечеги үчүн чындыкты, бийликтин каталарын көзгө басып айтууларыбызды уланта беребиз. Омбудсмен жана Кыйноолорго каршы борборунун өкүлдөрү камераларыбыздын абалы боюнча келип таанышып, көрүп кетсеңиздер болот.
Бийликтин да байлыктын да ээси — ЭЛ!«- деп айтылат кайрылууда.

Эскерте кетсек, 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган.

13-декабрда да сот болуп аларды 20-февралга чейин абакта калтырды.

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>