Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина жетиштүү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2021-жылдан бери өлкөгө коронавируска каршы вакцинанын 6 миллиондон ашык дозасы алынып келинген. Анын 3 миллион 500 миңи колдонулду.
“Жамааттык иммунитетке жетүү үчүн калктын 70%ы эмдөөдөн өтүш керек. Бирок калктын вакцина алуу активдүүлүгү төмөн болууда. Эмдөө өзүңдү жана жакындарыңды илдеттен коргойт. Эмдөөдөн өтүү аркылуу организмдин иммундук коргонуусун камсыз кылуу керек”, — деп айтылат маалыматта.