Жапаров Жети-Өгүз жана Тоң тургундарынын кайрылууларын кароону тапшырдыЭркин Болжуров — фотография, кино, президенттер жана живописке кайтуу жөнүндөОшто жеке үйдөгү өрттөн үч бала каза болду, алардын атасы ооруканадаУлуттук банк жасалма QR-коддор менен алдамчылык тууралуу эскерттиКыргызстанда бизнести санитардык текшерүүнү 2028-жылдан тарта видеого тартуу сунушталуудаБишкек — Нарын — Торугарт унаа жолундагы көпүрөгө мурдагы министрдин ысымын берүү сунушталууда — долбоор
COVID-19: Калктын вакцина алуу активдүүлүгү төмөн болууда
26.07.2022 | 09:17
Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина жетиштүү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2021-жылдан бери өлкөгө коронавируска каршы вакцинанын 6 миллиондон ашык дозасы алынып келинген. Анын 3 миллион 500 миңи колдонулду.
“Жамааттык иммунитетке жетүү үчүн калктын 70%ы эмдөөдөн өтүш керек. Бирок калктын вакцина алуу активдүүлүгү төмөн болууда. Эмдөө өзүңдү жана жакындарыңды илдеттен коргойт. Эмдөөдөн өтүү аркылуу организмдин иммундук коргонуусун камсыз кылуу керек”, – деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом