COVID-19: Кыргызстанга кирип чыкканда кандай эрежелер сакталышы керек?

 COVID-19: Кыргызстанга кирип чыкканда кандай эрежелер сакталышы керек?

Кыргыз жана чет элдик жарандары эл аралык аба каттамдар жана унаа каражаттары менен мамлекеттик чек араны кесип өтүүдө ПЧР-тестинин терс жыйынтыгын (акыркы 72 саатта активдүү) же эмдөөнүн толук курсунан өткөндүгү жөнүндө тастыктаманы көрсөтүүгө тийиш. Бул туурасында COVID-19 каршы республикалык штабддан билдирди.

Маалыматка караганда, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандары документтердин санариптик версиясы үчүн “COVID-19суз саякаттайм” мобилдик тиркемесин колдоно алышат.

Учактын ичинде милдеттүү түрдө беткап тагынуу жана антисептиктерди колдонуу керек, ошондой эле COVID-19дун клиникалык белгилери жок жүргүнчүлөр гана киргизилет. ПЧР-тестинин мөөнөтү объективдүү себептерден улам (72 саат) аяктаган учурда жүргүнчүлөр экспресс-тесттен өтүүгө милдеттү.

12 жашка чейинки балдарга эмдөө сертификаты же терс ПЧР-тест керек эмес.

ПЧР-тестинин терс натыйжасы (акыркы 72 саатта активдүү) ЖЕ эмдөөнүн толук курсу жөнүндө тастыктама өлкөдөн чыгуу үчүн да талап кылынат.

Чет өлкөлөргө учаардан мурда чет мамлекеттеги учурдагы эрежелерди билип алыңыз.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>