Бүгүн дагы Ысык-Көл жетекчиси эл аралап жүрөт

Бүгүн дагы Ысык-Көл жетекчиси эл аралап жүрөт

Бүгүн, 12-апрелде президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов Кызыл-Суу айылындагы маданият үйүндө Жети-Өгүз районунун тургундары менен жолугушууда. Ага 300дөн ашуун жергиликтүү тургундар катышып жатат. Айыл эли мектеп, бала бакча, таза суу, сугат суу көйгөйлөрү райондо курч экенин айтышты.

Облус жетекчиси Алтынбек Сулайманов тиешелүү суроолорго жооп берип, облустук деңгээлде чечилүүчү маселелерди жеринде чечип берүү тууралуу тиешелүү мекемелердин жетекчилерине тапшырмаларды берүүдө.

Мындан сырткары, карапайым калк Липенка, Светлая поляна айылдарына барган жолдордун начарлыгын айтышып, оңдоп берүүнү суранышты.

Жолугушуу суроо-жооп ирээтинде уланууда.

Эске сала кетсек, президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөр жергиликтүү эл менен жолугушууларды өткөрүүдө. Иш-чара бир жума бою уланмакчы.

Облус жетекчиси Сулайманов кечээ да элдер менен кездешкен болчу.

Ысык-Көл облусунун жетекчиси Алтынбек Сулайманов аймактарды кыдырууда

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>