Бишкекте окуучу кыз өзүнүн мектебине бомба коюлганы тууралуу жалган билдирүү таратканНовосибирск – Бишкек рейсинин жүргүнчүлөрү жардыргыч кабарынан улам чыгарылдыЧүй облусунда үшүк жүрүшү күтүлүүдө: милиция айдоочуларга эскертүү бердиКыргызстан менен Тажикстандын Улуттук банктары төлөм системаларын талкуулаштыBITEVOLUTION: Бишкекте каржы пирамидасын уюштурууга шектелген жаран кармалдыКыргыз жаштарынын шайлоо сабаттуулугу боюнча долбоору Германияда кызыгуу жаратты
Дайынсыз жоголгон 14 жаштагы бала 10 күндөн кийин табылды
30.01.2022 | 13:40
Үстүбүздөгү жылдын 21-январында баланын чоң энеси аны таап берүү өтүнүчү менен милицияга кайрылган. Аны бир күн мурун саат 17:00дөр чамасында Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери табышкан.
Маалым болгондой, 2022-жылдын 19-январында 2007-жылы туулган М.Д. үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келбегени тууралуу арыз эки күндөн кийин милицияга түшкөн.

«Ленин райондук ички иштер бөлүмү балдардын коопсуздугуна коркунуч жаралган учурда тез арада жакынкы милиция бөлүмүнө же күнү-түнү 102 номуруна кабарлоо керектигин эскертет», – деп жазат Ленин райондук милициянын басма сөз кызматы.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом