Садыр Жапаров жабыркаган аскер кызматкеринин ишин жеке көзөмөлүнө алдыБаткенде алимент төлөөдөн качкан жаран 2 жылга эркинен ажыратылдыБарскоон – Бедел унаа жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция түзүлдүБаткенде аскер кызматкери оор жаракат алды: депутат шашылыш жардам көрсөтүүнү сурандыКыргызстанда жарандарды каттоо эрежелерин жөнөкөйлөтүү сунушталдыБишкекте ат минип эс алуу: 5 метр алыстык жана кенеге каршы спрей
Дайырбек Орунбеков президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси болду
03.08.2022 | 13:16
Дайырбек Орунбеков президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү документке президент Садыр Жапаров кол койгон.
Буга чейин Орунбеков журналистика тармагында, “Манас” эл аралык аэропортунун жетекчисинин кеңешчиси, “Кыргыз темир жолу” ишканасында коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
Эскерте кетсек, ага чейин аталган кызматты Алтынбек Жумаев ээлеп келген. Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык Жумаев президенттин кеңешчиси болуп дайындалды.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом