Дарига Назарбаеванын кудасы мындан ары Казакстандын БШКсын жетектебейт

Дарига Назарбаеванын кудасы мындан ары Казакстандын БШКсын жетектебейт

Берик Имашев Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы кызматынан бошотулду. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин тиешелүү жарлыгы Акорданын сайтында жарыяланды.

Мурдагы юстиция министри, президенттин жардамчысы Берик Имашев 2016-жылдын сентябрынан бери Казакстандын БШКнын төрагасы болуп иштеп келген. БШКнын жаңы жетекчиси болуп мурдагы сенатор Нурлан Абдиров келди. Абдировдун башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу президенттин жарлыгы бүгүн жарыяланды.

Берик Имашев Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин тун кызы Дарига Назарбаеванын кудасы. Дарига Назарбаеванын уулу Нурали Имашевдин кызы Аидага баш кошкон.

Көптөгөн талдоочулар азыркы президент Касым-Жомарт Токаев менен мурдагы президент, “Нур Отан” партиясынын негиздөөчүсү жана лидери Нурсултан Назарбаевдин ортосунда бийлик талашы жүрүп жатканына байланыштуу Имашев кызматтан кеткенин айтышууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>