Чет өлкөлүк капиталы бар ишканалар 2025-жылы 109 млрд сом пайда таптыНарын дарыясында мыйзамсыз балык уулаган жарандарга айып пул салындыЧет өлкөлүк капиталы бар ишканаларда орточо айлык акы 61,9 миң сомду түздүКыргызстанда сотко кайрылуудан мурда медиатор менен милдеттүү жолугушуу киргизилетКыргызстандыктар Беларуста 30 күн каттоосуз жүрө алышатБишкек шаарында Хорватиянын консулдугу ачылды
Бишкекте 14 жаштагы Даниел Мамасалиев дайынсыз болууда
26.01.2022 | 13:10
Бишкекте 14 жаштагы Даниел Мамасалиев дайынсыз жоголду. Бул тууралуу борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
«21-январда анын чоң энеси милицияга Даниел Мамасалиевди издөө боюнча арыз менен кайрылган. Ал 19-январь күнү саат 14:15те Кумарык көчөсүндө жайгашкан үйдөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келе электигин айткан», – деп айтылат маалыматта.
Белгилери: бою 150-160 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы кара кыска.
Кийген кийимдери: кызыл джемпер, кара спорттук шым, бутунда ак кроссовка.
Изделип жаткан адам тууралуу билгендер болсо, милиция кызматкерлери төмөндөгү номерлерге кабарлап коюну өтүнөт:
0312352605, 0312444457, 0312352632, 0500032000, 0554606000, 0703401600, 0705450553 жана102.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом