Дары-дармекке бааларды жөнгө салуу эрежелери бекитилди

Дары-дармекке бааларды жөнгө салуу эрежелери бекитилди

Дары каражаттарына бааларды жөнгө салуу боюнча мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кылуу максатында, Министрлер rабинетинин 2023-жылдын 31-майындагы токтому менен Кыргызстандын дары каражаттарына бааларды жөнгө салуу эрежелери бекитилди. Бул тууралуу Toktom.kg сайтында жазылды.

Дары каражаттарын каттоо күбөлүктөрүн кармоочулар ыйгарым укуктуу органга баалары жөнгө салынуучу төмөнкү дары каражаттарына бааларды каттоо жөнүндө арыз берүүгө тийиш деп белгиленди:

  • жүгүртүүдөгү дары каражаттарына — ушул токтом күчүнө кирген учурдан тартып үч ай өткөнгө чейин;
  • биринчи жолу катталган дары каражатына — биринчи ташылып келген учурдан тартып 10 (он) жумуш күндүн ичинде.

Бааны каттоо жөнүндө арыз белгиленген мөөнөттөрдө берилбеген учурда ыйгарым укуктуу орган дары каражатынын баасын өз алдынча эсептейт жана каттайт.

Кыргызстанда дары каражаттарына бааларды жөнгө салуу эрежелери жашоого маанилүү дары каражаттарынын улуттук тизмесине киргизилген жана өлкө аймагында медициналык колдонуу үчүн белгиленген тартипте уруксат берилген дары каражаттарына бааларды жөнгө салуу тартибин белгилейт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>