Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Кара-Балта дарыясына 14 жашар кыз агып кетти
05.06.2023 | 23:39
Кара-Балта дарыясына түшүп кеткен кыз изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн, 5 майда кечки саат 18:50дө Чүй облусунун Жайыл районунун Бишкек — Ош унаа жолунун 97-98-чакырымында Кара-Балта дарыясына 14 жашар кыз агыны шар сууга агып кеткени тууралуу маалымат түшкөн.
Издөө иштерин жүргүзүү максатында жерине Кара-Балта шаардык Жайыл райондук №22 ӨКБдан капитан Байыш Мукашов жетектеген 3 куткаруучу тартылган. Буга кошумча Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун 4 суучулу издеп-куткаруу иштерин аткарышкан.
Издөө иштеринен натыйжа чыкпай, түн кирип кеткендигине байланыштуу убактылуу токтотолду. Эртең таң эрте кайрадан издөө иштери улантылат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом