Дарыгер кимдерге мандарин жеген кооптуу экенин айтты

Дарыгер кимдерге мандарин жеген кооптуу экенин айтты

Жогорку категориядагы дарыгер Сергей Длин кант диабети, ашказан оорулары бар адамдар мандарин жегенден баш тартышы керек деп эсептейт, анткени ал ден соолукка терс таасирин тийгизет. Бул тууралуу gazeta.ru. басылмасы жазды.

Дарыгер мандарин ичеги-карын оорулары бар адамдар үчүн кооптуу болушу мүмкүн экенин, анткени алар кычкылдуулугун жогорулатып, ичегилердин жана ашказандын былжыр катмарын дүүлүктүрөөрүн баса белгиледи.

Бул жемиш түрүн кант диабети менен ооругандар да жебеши керек. Мандариндер кандагы канттын деңгээлин жогорулатат, ошондуктан алар өзгөчө учурларда жана аз өлчөмдө, жумасына эки-үч даана керектелиши керектигин белгилейт.

Дарыгердин айтымында, бөйрөк оорусу бар адамдар мандаринди этияттап жеш керек. Алардын курамында бөйрөктөгү таштардын кыймылын козгоочу кислоталар бар, буга жол бербөө керек.

Диетолог идеалдуу кечки тамак кандай болушу керектигин айтты

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>