Дашков үй камагына чыккан

Дашков үй камагына чыккан

Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын экс-жетекчиси Василий Дашковдун баш коргоо чарасын өткөн жылдын 31-декабрында өзгөрткөн. Бул тууралуу аталган соттун маалымат кызматынан тастыкташты.

Учурда Василий Дашков үй камагына чыгарылган.

Эске салсак, 2021-жылдын 18-майында Василий Дашков УКМКга жеткирилген. Ал коррупцияга шектелүүдө. «Кыргыз темир жолунун» экс-жетекчиси убактылуу кармоочу жайга киргизилип, бирок кийинчерээк ал үй камагына чыгарылган. Ошол эле учурда сот бир шарт койгон — келтирилген зыянды төлөп берүү. Василий Дашков акчаны которбогондуктан аны кайра кармашкан. Ал камакка алынган убактысынын көбүн Бикард жеке клиникасында өткөргөн.

Тергөөнүн версиясы боюнча, 2020-жылдын май айынан декабрь айына чейин Василий Дашков инвентаризациялык буюмдарды жеткирүү үчүн төлөм деген шылтоо менен 1,1 миллиард сомду туунду жеке компанияларга мыйзамсыз которгон. «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчиси менен бирге анын уулу Даниил жана «Атом Групп» ЖЧКсынын жетекчилери Анвар Азмаджанов жана «Генезис плюс» ЖЧКсынын жетекчилери Гурезали Мирзомудинов кармалган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>