Наристенин жыныс мүчөсүн тилген жаран кармалды

Наристенин жыныс мүчөсүн тилген жаран кармалды

Сокулук районундагы 1 жаш 8 айлык эркек баланын жыныс мүчөсүн тилген 35 жаштагы киши кармалды. Бул туурасында Чүй облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Сокулук райондук милицияга 3-февраль күнү 2020-жылы туулган К.Э.нын денесинен оор жаракат алып, аймактык ооруканага жеткирилгени тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факты Сокулук районунун ички иштер башкармалыгына КР Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин (кыйноо) негизинде катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.  Тергөө үчүн бардык маалыматтарды чогултулуп жатат.

Милиция Чүй облусунун Сокулук районунун 35 жаштагы С.А. аттуу тургунун кармап,  убактылуу кармоочу жайга киргизди. Алдын ала маалыматтар боюнча, баланын ата-энеси бирөөнүн малын бакчу. Бул жубайлардын жумуш берүүчүгө андан да мурда карызы болгонуна далилдер бар. Аялдын көрсөтмөсүнө ылайык, баланын денесине келтирилген жаракаттарды анын жанында чогуу жашаган адам келтирген.  Бул факты боюнча тергөө иштери уланууда.

 

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>