Дастан Бекешев эмнеге айыпталууда? УКМКнын жообу

Дастан Бекешев эмнеге айыпталууда? УКМКнын жообу

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дастан Бекешевдин шайлоо штабынын үгүт иштерине орто мектептердин окуучуларын пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК Бекешевге карата шайлоо өткөрүү боюнча каражаттарды мыйзамсыз пайдалануусу үчүн сотко чейинки териштирүү жүргүздү. Анда Дастан Бекешев шайлоо фондунун каражаттарынан тышкары келишим түзбөстөн, агитаторлорго финансылык каражаттар төлөнгөндүгү аныкталган.

Конституциялык мыйзамдын 22-беренесинин 15-бөлүгүн бузуу менен, 18 жашка чейинки курактагы өспүрүмдөр Бекешевдин үгүт иштерин жүргүзүшкөн.

2021-жылдын 15-ноябрында талапкер Дастан Бекешев иштин жагдайлары боюнча өз ыктыяры менен көрсөтмө берүү үчүн УКМКга келген.

Учурда жогоруда аталган сотко чейинки өндүрүш боюнча иштин жагдайларын аныктоо үчүн бардык тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Ошол эле учурда сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын көчүрмөлөрү тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына жиберилет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>