Кыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло уттуНарында 350 орундуу жаңы оорукана курулушу мүмкүнКыргызстандыктар Азербайжандын курортторунда арзандатуу менен эс ала алышат — чоо-жайыОш шаары Франция менен туризм, илим жана инвестиция багытында кызматташууну көздөөдөМурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов үй камагына чыгарылганы маалымдалдыНафталандан Ысык-Көлгө чейин: Курорттук туризмдеги кызматташтык
Дастан Бекешев шайлоо жарышын улантат
21.11.2021 | 11:47
Борбордук шайлоо комиссиясы депутаттыкка талапкер Дастан Бекешевдин расмий өкүлүнө жашы жете электерди үгүт иштерине колдонгону үчүн 7500 сом айып пул салды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.
Бекешевден тышкары дагы бир нече талапкерлерге айып пул салынды:
“Азаттык” партиясына оозеки эскертүү берилип, анын талапкери А.Райымжановго айып пул салынышы керек.
“Бүтүн Кыргызстан” партиясы да жашы жете элек өспүрүмдөрдү үгүт иштерине тарткандыгына байланыштуу айып пул салынды.
«БШК талапкерлерге жана саясий партияларга конституциялык мыйзамдардын нормаларын так сактоо жана жашы жете электердин үгүт иштерине катышуусуна жол бербөө керектигин эскертет», – деп жазылат БШКнын маалыматында.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат