ЕБге кирүү Түркия үчүн мындан ары артыкчылыктуу максат эмес — ЭрдоганКыргызстанда жер көчкү коркунучун азайтуунун жаңы ыкмалары колдонулуудаКыргызстан Кытайдан күйүүчү май жеткирүүнү көбөйтүүгө кызыкдар — Министрлер кабинети18-август: айрым жерлерде өткүн өтөтЭмне үчүн альпинист Наговицынанын сөөгү дагы деле Жеңиш чокусунда — ӨКМдин жообуКОСУнун студенттери Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууга катышат
Валентина Шевченко Бишкекке келди
21.11.2021 | 10:14
UFC чемпиону Валентина Шевченко бүгүн Бишкекке келди. “Манас” эл аралык аэропортунан аны WEF “Культуу эр таймаш” федерациясынын өкүлдөрү жана күйөрмандары тосуп алышты.
Эртең, 22-ноябрда спортчу күйөрмандары менен жолугуп, маалымат жыйынын өткөрөт. Ал 2019-жылдан бери Кыргызстанга келе элек болчу.
Сентябрдын аягында кыргызстандык Валентина Шевченко Лас-Вегаста өткөн Ultimate Fighting Championship (UFC) 266 турниринде америкалык Лорен Мерфини жеңип алган. Спортчу UFC чемпиону титулун алтынчы жолу коргоду (56,7 килограммга чейин).
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт