Дастан Бекешев жылуулук жана ысык суу төлөмдөрүн бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгүн киргизүүнү сунуштады.

13.05.2026 | 11:17

Дастан Бекешев калк үчүн жылуулук жана ысык суу акысын бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады. Ал мындай демилгени Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрүп, кыш мезгилинде жарандар коммуналдык кызматтар үчүн ири суммадагы төлөмдөрдү бир убакта төлөөгө мажбур болуп жатканын белгиледи.

Депутаттын айтымында, суук мезгилде жылуулук жана ысык суу үчүн төлөмдөр айына 5–6 миң сомго чейин жетип, бул үй-бүлөлөргө жана пенсионерлерге олуттуу жүк жаратууда. Ушуга байланыштуу ал Министрлер кабинетинен бул төлөмдөрдү 12 айга тең бөлүп төлөө механизмин карап чыгууну өтүндү.

Мындан тышкары, парламентарий Социалдык фондго пенсионерлердин пенсия берүү мөөнөттөрүнө байланыштуу даттанууларын жеткирди.

«Бардык коммуналдык төлөмдөр айдын аягында келет, айлыктар да айдын аягында берилет, ал эми пенсиялар 10уна чейин берилет. Эгер адам төлөмдү убагында төлөй албай калса, анда үстөк акы эсептеле баштайт», — деди ал.

Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гульнура Жуматаева коммуналдык кызматтар үчүн эсептер ар айдын 25ине чейин келерин, ал эми жарандар аларды кийинки айдын 25ине чейин төлөшү керектигин айтты.

Ал ошондой эле Соцфонд пенсияларды алдын ала төлөп келерин түшүндүрдү.

«Тарыхта бир айда адамдар эки жолу пенсия алган учур болгон. Ошондон бери пенсиялар айдын аягында эмес, башталган ай үчүн алдын ала берилет. Мисалы, 10-майда жарандар май айы үчүн пенсия алышат», — деди ал.

Scroll to Top