Көчмөндөр оюндары: Кырчын жайлоосунда кыргыз-казак төкмө акындарынын айтышы өтөт«Аймактын бермети», «акылман эл»: ШКУ лидерлери Кыргызстан тууралууУКМК Ысык-Көлдөгү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө көзөмөлдү күчөттүЭсептөө палатасы Кыргызстандын 2025-жылга бюджетин аткаруудагы кемчиликтерди аныктадыЖер казынасын пайдалануу лицензиялары онлайн форматка өттү: Министрлик электрондук аукциондорду ишке киргиздиБишкектеги жаңы светофорлор: айдоочулар эмнени билиши керек
Кыргызстан жыл башынан бери 11 тоннадан ашык сүт азыктарын экспорттоду
13.05.2026 | 11:12

2026-жылдын январь–апрель айларында Кыргызстандан чет өлкөлөргө 11 799 тонна сүт азыгы экспорттолду. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 688,2 тоннага же 16,7%га көп.
Айыл чарба министрлигинин маалыматында, өлкөдөн төмөнкү сүт азыктары экспорттолгон:
- кычкыл сүт азыктары (курут, кымыз ж.б.) — 3,6 тоннадан 116,5 тоннага чейин;
- сүт сары суусу — 164 тонна;
- майсыз кургатылган эчки сүтү — 17,6 тонна;
- сүт коктейли — 2,2 тонна;
- каймак — 1,6 тонна.
Ошол эле учурда сары май, кургак сүт, сыр жана балмуздактын экспорту өткөн жылга салыштырмалуу азайган. Министрлик өсүү динамикасы жалпысынан экспорттолгон сүт азыктарынын ассортиментинин көбөйүшүнүн эсебинен сакталып жатканын кошумчалады.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика