Дастан Жумабеков: Учурдагы башкы максатыбыз –жарандарыбыздын ден соолугу

Дастан Жумабеков: Учурдагы башкы максатыбыз –жарандарыбыздын ден соолугу

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков коронавирустан каза болгон мекендештерибизди эскерүүгө арналган Улуттук аза күтүү күнүнө карата жакынын жоготкон бардык мекендештерге көңүл айтып кайрылуу жолдоду.

“Биз аталарыбыздан жана апаларыбыздан, ага-инилерибизден жана эже-карындаштарыбыздан, уул-кыздарыбыздан айрылдык. Бүгүн кѳпчүлүк үйдѳ куран окулуп, биз бардыгыбыз арабызда жоктор үчүн, арабызда ажал менен алышып, жашоо, ѳмүр үчүн күрѳшүп жаткандар үчүн сыйынып, тиленип олтурабыз.

Мен жакын адамдан айрылуу кайгысы канчалык оор болорун жакшы билем. Азыркыдай кыйын кырдаалда биз бири-бирибизге мурда болуп кѳрбѳгѳндѳй кымбат, абдан керек экенбиз. Айрымдар үйлѳрүндѳ жалгыз болушу мүмкүн жана сиздердин колдоо сѳзүңүздѳр алар үчүн маанилүү, ѳзүңүздѳр ѳзгѳчѳ керек болорсуздар. Бирок, азыркыдай кыйчалыш учурда, биз ѳз колдообузду, кайрат-кѳңүл айтуубузду каргашалуу илдетти башкаларга жуктуруу коркунучун келтирбестен жасаганыбыз оң”, – деп айтылат төраганын көңүл айтуу катында.

Төрага ошондой эле учурдагы өлкөнүн  башкы максаты – бул жарандардын ден соолугу жана ѳмүрү экенин баса белгилеген.

Дастан Жумабеков сөзүнүн аягында илдет менен күрөштө алдыңкы сапта турган бардык медицина кызматкерлерине жана илдетке каршы күрѳштѳ күн-түн дебей кѳмѳк кѳрсѳткөн ыктыярчыларга ыраазычылык айткан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>