Дайынсыз жоголгон альпинисттер. Курумду чокусундагы издөө иштерине ӨКМдин тик учагы тартылат

Ош облусундагы Курумду чокусунда дайынсыз жоголгон альпинисттерди издөөгө Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) тик учагы кошулат. Бул тууралуу издөө-куткаруу тобунун мүчөсү Александр Смирнов билдирди.
Анын айтымында, күндүн биринчи жарымында издөө жүрүп жаткан аймакта катуу жамгыр жаап, дронду (учкучсуз аппаратты) колдонуу мүмкүн болгон эмес. Топ дрон менен бирге маршруттун астындагы лагерге жетип, чатырларды тигишти. Жабдуулардын көбүн издөөчүлөр өздөрү көтөрүп барышты, ал эми генератор менен күйүүчү майды жеткирүүгө ӨКМдин куткаруучулары жардам беришти.
Аба ырайы оңолгондон кийин адистер дрон менен алты ирет учуу жасашты. 4 миң метрден 4,8 миң метрге чейинки бийиктиктеги кар-муздуу кырлар жана анын эки тарабындагы капталдар изилденди. Ошондой эле адистер тоо кыры менен 5,55 миң метрге чейинки белгиге чейин өтүштү. Андан жогору жакта булут коюу бойдон калган.
«Жоголгон топтун изин азырынча табууга мүмкүн боло элек. Издөө иштерин жаңы жааган кар татаалдаштырууда, ал альпинисттердин издерин, буюмдарын жана чатырын жаап калышы мүмкүн. 4 миңден 5 миң метрге чейинки бийиктиктен алынган видеожазуулар анализ жүргүзүү үчүн штабка өткөрүлүп берилди. Аларды изилдөөгө Литвадан келген адистер кошулду. Ошондой эле материалдарды компьютердик көрүү технологияларынын жардамы менен иштеп чыгуу пландалууда», — деди Смирнов.
Ал кошумчалагандай, Бишкекке дайынсыз жоголгон альпинисттердин бири Максимдин жубайы жана Виктор Куцко келишти. Алар издөө иштерине жеке өздөрү кошулууну көздөп жатышат. Алар үчүн чек ара аймагына кирүүгө уруксат алынды.
Издөө операциясынын кийинки этабында ӨКМдин тик учагын пайдалануу пландалууда. Ал Бишкектен учуп чыгып, Оштон жабдуулары менен кинооператорду жана мындан бир ай мурун бул аймакта болгон, маршруттар менен тааныш швейцариялык гид Дамианды алып кетет. Негизги көңүл экинчи жана үчүнчү лагерлердин ортосундагы тилкеге бурулат.
Издөө тобунун баамында, муз жана кар баскан бул тилке альпинисттер болушу мүмкүн болгон эң ыктымалдуу жерлердин бири болуп саналат жана ал ушул күнгө чейин толук изилдене элек.
Эскерте кетсек, Кыргызстандын тоолорунда альпинисттер тобу жоголгон, алардын курамында Беларустун эки жараны жана Литванын бир жараны бар.
9-августта Беларустун ОНТ телеканалы билдиргендей, топ 6 614 метр бийиктиктеги Курумду чокусуна чыккандан кийин байланышка чыкпай калган. КР ӨКМи 9-августта тоолордо, болжол менен 5 000 метр бийиктикте альпинисттердин чатыры табылганын, бирок ал бош болуп чыкканын билдирген.
Курумду чокусунун бийиктиги 6 613 - 6 614 метрди түзөт, ал Ош облусунун Чоң-Алай районунда жайгашкан. Бул аймак тик капталдары, мөңгүлөрү жана татаал бийик тоолуу рельефи менен өзгөчөлөнөт.
Курумду чокусуна чыгуу эң жогорку татаалдык категориясына кирет жана Памир-Алай аймагындагы техникалык жактан эң татаал жана кооптуу экспедициялардын бири болуп саналат. Узак убакыт бою бул чокуга адамдар аз барган бойдон калып келген.
Курумду чокусуна биринчи ийгиликтүү чыгуу бир нече ийгиликсиз аракеттерден кийин 2001-жылы ишке ашкан. Чоку жайгашкан аймакка альпинисттер сейрек барышат, анткени болжол менен 60 чакырым батыш тарапта жайгашкан Ленин чокусу альпинизмдин негизги борбору бойдон калууда.
Анара Мамытова