Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Декларация: Эдил Байсаловдун бир жылдык кирешеси жарыяланды
31.12.2022 | 15:01
Салык кызматы чиновниктердин 2021-жылга карата декларациясын жарыялады. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун кирешеси жана мүлкү тууралуу маалымат тапшырды.
Эдил Байсалов 2021-жылы кирешеси 4 миллион 172 миң 468 сомду түзгөнүн (салыштыруу үчүн айта кетсек, Садыр Жапаров ушул эле мезгилде төрт эсе аз киреше тапкан — 997 миң 803 сом) көрсөткөн. Бул министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын айлык маянасы 347,7 миң сомду түздү дегенди билдирет.
Эдил Байсалов 2021-жылдын октябрына чейин Кыргызстандын Улуу Британиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеген.
Вице-премьер 125,89 чарчы метр аянтты ээлеген үйгө гана ээлик кылат.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом