Декларация-2021. Президент 1 млн сомго жетпеген киреше тапкан

Декларация-2021. Президент 1 млн сомго жетпеген киреше тапкан

Мамлекеттик салык кызматы саясий кызматтагылардын 2021-жылга карата декларациясын жарыялады. Алгач президент Садыр Жапаровдун кирешеси жана мүлкү тууралуу маалымат берилди.

Садыр Жапаров 2021-жылы кирешеси 997 803 сомду түзгөнүн көрсөткөн. Бул президенттин бир айлык маянасы 83,1 миң сомду түздү дегенди билдирет. Анын менчигинде болгону 0,6 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкеси жана гаражы бар.

Кыймылсыз мүлк же унаа тууралуу маалымат берилген эмес. Ошондой эле мамлекет башчынын эң жакын туугандарынын кирешеси жана мүлкү тууралуу маалымат жок.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров 2020-жылга карата декларациясында анын жакындарына 50,7 жана 389 чарчы метр аянтты ээлеген эки үйү, ошондой эле 17,2 чарчы метр гаражы бар экенин көрсөткөн. Алар “Үмүт булагы” коомдук фондунун уюштуруучулары болушкан.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>