Бишкекте беш дарыгер камакка алынып, бирөө үй камагына чыкты

Бишкекте беш дарыгер камакка алынып, бирөө үй камагына чыкты

Укук коргоо органдары тарабынан кармалган Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун, ошондой эле шаардык балдар ооруканасынын дарыгерлери камакка алынды. Бул тууралуу Ленин РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 30-декабрында Бишкек шаарынын Ленин районунун тергөө судьясынын чечимдери менен Ленин РИИБдин тергөөчүлөрүнүн өтүнүчү канааттандырылып, айыпталуучулар — М.К.Б., Э.А. А.Г.Э., К.Б.Б., М.Ж.М.га №2 жаза аткаруу мекемесине камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.

Ал эми И.Р.О. аттуу айыпталуучуга карата Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын арызы боюнча үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.

Жогоркудагы медициналык кызматкерлердин бардыгына Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренесинин 2-бөлүгү боюнча айып тагылган.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>