Караколдо үч жумушчуну оор темир басып калып, экөө каза болду

Караколдо үч жумушчуну оор темир басып калып, экөө каза болду

«Каракол» аэропортун куруп жаткан жумушчуларды металл конструкциясы басып калып, эки киши каза болду.

Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришкендей, окуя 5-июнда, саат 17:30дар чамасында болгон.

«Кырсыктын кесепетинен 1978-жылы туулган Ак-Суу районунун тургуну А.Р., жана 1981-жылы туулган Ак-Суу районунун тургуну Б.А., каза болгон. Мындан тышкары, 1970-жылы туулган О.А,, Учурда облустук ооруканадагы реанимацияда оор абалда жатат. Азыркы тапта тийиштүү экспертизалар дайындалып, териштирүү жүрүүдө», — деп билдиришти облустук милициядан.

Ал эми маркумдардын жакындары курулуш жүрүп жаткан жерге келип, президентке кайрылып, жооптуу адамдарды жазага тартууну талап кылышты. Видео социалдык тармактарга жарыяланган.

“Каргаша кечээ түнү болгон, бүгүн иш кадимкидей уланып, облустук администрациядан эч ким келген жок. Туугандары чогула баштаганда гана бригадирлер шашылыш ишти токтотуп, куруучуларды таратып жиберишти. Эмне үчүн мындай маанилүү объект коопсуздук чаралары сакталбай курулуп жатат? Бул ишке тиешеси бар бардык адамдар, өзгөчө жетекчилер жоопко тартылышы керек. Мындан кийин Каракол шаарындагы жаңы аэропорттун курулушунда мындай трагедия кайталанбашы керек”, — дешти жакындары.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>