Жыл башынан бери Ысык-Көлдүн түбүнөн 1,4 тонна таштанды чыгарылдыКыргыз дипломатиясы беш жыл ичинде чоң секирик жасады — Аликбек ЖекшенкуловВенгриянын улуттук академиясына кыргыз боз үйү белекке берилдиАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль жеңдиБишкекте «Кыялымдагы Кыргызстан» жаштар форуму өтөтОш шаарында жаңы онкологиялык борбор курулат
Депутат: 10 млн. сом берген жигитке мамлекет көңүл бөлсүн!
10.11.2021 | 11:12
Тышкы карызга жардам берген Умар Муханбетов мамлекет ыраазычылык билдирсин! Мындай демилгени Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева парламентте көтөрдү.
Анын айтуусунда, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну Умар Муханбетов тышкы карызды төгүү үчүн 10 млн. сом которгон. Башкалар деле, бюджеттик мекемеде иштегендер деле айлыктарын которуп жатышат, бирок, быйылкы жылдын эсебинен Муханбетов ири көлөмдө жардам кылды. Андыктан мамлекет ага көңүл бөлүп бир нерсе кылышы керек.
Буга чейин Кыргызстандын тышкы карызына акча чогултуу үчүн эсеп ачылган болчу. Ушул тапта тышкы карыздын көлөмү 4 млрд 169,6 млн. долларды түзөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика