Депутат кесиптеши Чыңгыз Айдарбековдун сынына жооп берди

Депутат кесиптеши Чыңгыз Айдарбековдун сынына жооп берди

Бүгүн, 2-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйында депутат Жеңишбек Токторбаев кесиптеши Чыңгыз Айдарбековдун 26-октябрдагы отурумда жапырт камоолор тууралуу билдирүүсүнө жооп айтып, аны сынга алды.

Токторбаев өткөн аптада Айдарбеков саясатчылардын жана активисттердин камалышы боюнча «камоолор орой болду, Кыргызстандын тарыхында андай болгон эмес» деп айтканын белгиледи.

«Жалган-жалаа маалымат таратты. 2019-жылы Сооронбай Жээнбеков президент мезгилинде кан досун, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди камабады беле! Колу-бутун кайрып камабады беле! Бүткүл дүйнөгө, бүткүл кыргыз элине шерменде кылып камабады беле! Ошондо бир жоокерибиз каза болгон, Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкулов майып болду. Бул тарых эмеспи! Анда (камоолор — ред.) орой болгон эмеспи? Ошол кесиптешибизге айтар элем, Сооронбай Жээнбековдун этегине намаз окуп, Асылбек Жээнбековго пальто кийгизип, портфелин көтөрүп жүрбөдү беле. Анда биздин кесиптешибиз тышкы иштер министри болчу. Эгер баатыр, патриот болсо, камоолор орой болду деп айтпайт беле. Ушул жагынан калыс карасак», —  деди ал.

Эскерте кетсек, 26-октябрда Чыңгыз Айдарбеков саясатчы жана активисттердин үйү тинтилип, камакка алынышы боюнча оюн айтып, жапырт камоолорду сынга алган.

«Жарандык коомго көрүлгөн чаралар орой болду. Мындай кырдаал тарыхта болгон эмес. Жарандык коом конкреттүү маселелер боюнча бийликтин чечимдерине каршылыкты кандай жол менен көрсөтө алат? (Сиздер — ред.) Көрсөткөн позицияңар боюнча тынч чогулуштарды өткөрбөш керек экен. Анда жарандарыбызга чогулбагыла, унчукпай отургула, сөз эркиндиги бүттү деп айткыла. Жарандарыбызды сот чечими жок камадыңар. Аудиожазууларга экспертиза керек эле. Жаза-процессуалдык кодекс бузулду», — деген Айдарбеков.

Айдарбеков камоолор тууралуу: Маңкурт болбой, адам бололу

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: парламент

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>