Кемпир-Абад боюнча камалгандардын баарын бошотуу керек, – депутат

Кемпир-Абад боюнча камалгандардын баарын бошотуу керек, – депутат

Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин камактагы мүчөлөрү массалык баш аламандыкка чакырган эместигин айтышты. Бул тууралуу 2-ноябрда депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, буга чейин трт депутат Бишкектеги СИЗО-1ге камакка алынган активисттер менен жолугуп келишкен.

«Алардын баары массалык баш аламандыкка чакыруу болбогонун айтышты. Алар өз пикирлерин айтуу үчүн тынч жолугушууларды гана пландаштырышканын айтышууда. Бул жерде активист Атай Бейшенбек ал жыйынга катышкан жок, телефон чалган жок, жөн гана фейсбукта билдирүү жазыптыр. Алардын иши шаардык сотто адилеттүү каралышы керек. Саясий кырдаалды курчутпаш үчүн баарын бошотушубуз керек же болбосо Конституцияга экиден ашык адам чогула албайт деп жазып коелу», — деди Жанар Акаев.

Эске салсак, 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган. 25-октябрга караган түнү Биринчи май райондук соту тарабынан аларды эки айга камоо чечими чыккан.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн.

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген. 

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>