Чыңгыз Ахматов Кыргызстандын башкы прокурорунун биринчи орун басары болуп дайындалдыЖогорку Кеңештин 2025-жылдагы бюджети дээрлик 72 пайызга көбөйгөнЕАЭБде жыгачтан жасалган таңгактоочу материалдар үчүн фитосанитардык сертификат талабы алындыКыргызстандын мугалимдери түрк элдеринин тарыхы боюнча эң акыркы маалыматтарды алышты«Рубеж-2026»: башкы катчынын орун басары Тургунбеков аймактагы татаал кырдаал тууралуу билдирди2025-жылы президенттин фондунан 2,7 млрд сом эмнеге жумшалды
Депутат: Айылдарда ооз ачууга 15 мүнөт калганда жарык өчүрүлүп жатат (видео)
14.03.2024 | 11:26
Кыргызстанда Орозо күндөрү айыл жергесинде ооз ачуу убагына жакын жарык өчүрүлүп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков билдирди.
Кадырбеков төрага Нурлан Шакиевге кайрылып, бул маселини чечүүнү суранды.
“Орозо күндөрү айыл жергесинде ооз ачууга 15 мүнөт калганда жарыкты өчүрүп жатыптыр. Өчүрсөңүздөр, үнөмдөсөңөр күндүз өчүрүңүздөр. Кечинде тезек жагып, тамак жасашабы? Бул маселени көзөмөлгө алып, чечип бериңизчи. Элдин батасын алат элек”, – деди Кадырбеков.