Facebook колдонуучу Каныкей Аранованын соту башталды

Facebook колдонуучу Каныкей Аранованын соту башталды

Facebook колдонуучу, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Каныкей Аранованын иши Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда каралууда. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдрасулова билдирди.

Анын айтымында, кечээ биринчи отурум өттү.

Каныкей Аранова «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык таштоого» (327-берене) жана «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутууга» (330-берене) айыпталууда.

Ал 30-январда Россияда кармалып, 1-февралда Кыргызстанга жеткирилген.

«Каныкейдин айтуусунда ал үстүбүздөгү жылдын 13-январында Москвага кеткен. 24- январда кимдир бирөө Каныкейдин атынан Facebook  тармагында баракча ачып, ар кандай чагымчыл постторду жарыялап баштаптыр. Бир нече күндөн кийин Каныкей «бул аккаунт меники эмес, бул жерде жазылгандарга ишенбегиле», — деп кайрылуу жасаптыр», — дейт Азиза Абдрасулова.

Укук коргоочунун маалыматында,  тергөөчүлөр Каныкей Аранованы кичинекей кызы балдар үйүнө өткөрүп берелерин айтып коркутушууда.

Эскерте кетсек, Каныкей Аранова Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан активист. Ал 2022-жылы кармалып, «майда бейбаштык» беренеси боюнча коомдук иштерге тартылган.

Кемпир-Абадды берүүгө каршы чыккан келин коомдук иштерге тартылды

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>