Ысык-Көлдө 1000 МВт күн электр станциясы курулат

Ысык-Көлдө 1000 МВт күн электр станциясы курулат

Ысык-Көл облусунда кубаттуулугу 1000 МВт (1 ГВт) болгон күн электр станциясын куруу пландалууда. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Мааламытка караганда, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров аталган долбоор боюнча China Power International Development Limited (CPID) жана China Railway 20 Bureau Group Corporation (CR20G) компанияларынын өкүлдөрү менен видеоконференция режиминде жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө күн электр станциясынын курулушунун презентациясы тартууланды.

«Бул долбоор биз үчүн абдан маанилүү. Республиканын гидроэнергетикалык потенциалынын 70%га жакыны ишке ашпай турат, ал эми биз электр энергиясын импорттоону улантып жатабыз», — дейт Жапаров.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусунда кубаттуулугу 1000 МВт (1 ГВт) болгон күн электр станциясы пайда болот. Анын курулушуна China Power International Development Limited жана China Railway 20 Bureau Group Corporation курамындагы кытайлык энергетикалык консорциуму кызыгуусун билдирген.

Тиешелүү макулдашууга президент Садыр Жапаровдун 18-20-майда Кытайга боло турган мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюулары пландалууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>