Аялы 19 компанияга ээлик кылган Абжалиев чет элдик кен казуучуларга “крышабы”?

Аялы 19 компанияга ээлик кылган Абжалиев чет элдик кен казуучуларга “крышабы”?

Депутат Алиярбек Абжалиевдин аялынын 19 компаниясы бар. Мындай маалымат “Акчабар” экономикалык басылмасынын «Нарындагы “Кумбел” кенине көз арткан компаниялар” аттуу иликтөөсүндө айтылган.

Анда “Кумбел” алтын кенин азыр казып жаткан “АТ Минералз” аттуу компаниянын иши тууралуу маалыматтар жана аны 2018-жылга чейин экс-президент Сооронбай Жээнбековдун кан кудасы, айтылуу Абжалиевдердин үй-бүлөсү жетектеп келишкени тууралуу да кеп болот.    

2018-жылга чейин аталган компаниянын 2 түзүүчүсүнүн бири катары Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу, Бишкек шаардык кеңештин депутаты Токобеков Темирлан Алиярбекович катталып келген. 

Бул материалда ошондой эле Абжалиевдердин үй-бүлөсү жалгыз эле “АТ Минералз” тоо-кен компаниясына эле эмес, мындан тышкары дагы көптөгөн ишканаларга ээлик кылары айтылат. 

Ага ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин аялы Гүлсара Сулайманова19 компаниянын түзүүчүсү. Бул компаниялар ар түрдүү тармакта иш алып барышат: билим берүү, мейманкана бизнеси, жарандарды жумушка орноштуруу, электр энергия сатуу, ж.б. Компаниялардын басымдуу бөлүгү – мунай казуу, жаратылыш газын иштетүү жана баалуу металлдарды өндүрүү иштерин жүргүзөт.

Материалда компанияларынын түзүүчүсү катары Гүлсара Сулайманова менен кошо чет элдик жарандар дагы бар экени, тоо-кен тармагындагы тогуз ишканасынын ичинен бешөөсүнөн чет элдик жарандардын аттары чыгары айтылган.

“Компаниянын өзүнүн башкы өкүлдөрүнүн айтуусунда, “АТ Минералз” 100% атамекендик өндүрүчү компания катары эсептелинет. Бирок, Абжалиевдердин чет элдик жарандар менен болгон катышынан улам, бул маалыматка күмөн саноолор жаралбай койбойт. Компаниянын директорлору жана түзүүчүлөрү чет элдик жарандар жана ошондой эле Кытай жарандары менен тыгыз байланышта болушкан. Ошондо Абжалиев чет элдик компаниялардын кызыкчылыктарын коргогонбу?”, — деп суроо салат журналист иликтөөдө. 

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>