Депутат Атазов 3 сааттан соң сурактан чыкты. Эмнелерди сураган?

Депутат Атазов 3 сааттан соң сурактан чыкты. Эмнелерди сураган?

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов Башкы прокуратурадан  суракктан чыкканын өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Ал суракта эмнелерди сурагандарын жазган.

Башкы прокуратура 3 саат кармашты.  Биз Жогорку Кеңеште айткандан кийин, териштирбей мыйзам чегинде эле өз убагында карай берсе болбойбу? Анда эмне Жогорку Кеңеште айтылбаган иштер жабылып кетип жатабы?

Али Баклан 900,000$

Азиз 120$

Жаныбек 24,000$

Бул иштер боюнча маалыматтарды алышты. Убада беришти бүгүн түндөн калбай кармап келебиз деп…” – деп жазды.

Ошондой эле коркутууга кабылганын ачыктады.

Урматтуу башкы прокуратура!!!

Бир эскертүү бар, биздин агаларыбызга чыгып, Атазов сүйлөбөй олтурсун деп коркутпай эле койгулачы!!!

Мен Аллахтан башкадан коркпойм! Инсандарды сыйлайм! Болгону Эл арасындагы нааразычылыктарды айтып жатабыз! Балким чындык ачуу болот! Мени элим чындыкты сүйлө деп шайлаган! Силерден кыйындарын да көргөнмүн! Он жыл оппозицияда жүрүп, көп нерсе баштан өттү. Бийлигиңер бүгүн бар, эртең жок!”- деп текстин жыйынтыктаган.

Ал бүгүн, 30- ноябрь күнү Жогорку Кеңештин жыйынынан укук коргоо органдары, прокуратура, милиция тармактык маркетингдер менен алектенгендерге “крыша” болуп жатканын жар салып, прокуратураны сынга алган болчу.  Андан соң Башкы прокуратура депутат Шайлообек Атазов менен Жеңишбек Токторбаевди суракка чакырган эле.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Прокуратураны сынга алган эки депутат суракка чакырылды

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>