Депутат Бактыбек Чойбеков мандатынан ажырашы мүмкүн

Депутат Бактыбек Чойбеков мандатынан ажырашы мүмкүн

Бишкектин административдик сотунун №21 Талас округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу чечимин экинчи инстанция күчүндө калтырды. Бул маалыматты шаардык соттон ырасташты.

Белгилүү болгондой, 2021-жылы Талас округу боюнча шайлоону Бактыбек Чойбеков утуп, депутат болуп шайланып келген. Ага атаандаш болгон Эмилбек Абдыкадыров экинчи болуп калган. Шайлоодон кийин 2022-жылдын 24-февралынан 2023-жылдын 31-октябрына чейин Абдыкадыров Бишкектин мэри, андан соң 2023-жылдын 10-ноябрынан 2024-жылдын 14-февралына чейин Ысык-Көлдүн башчысы болуп иштеди.

Быйыл февралда Абдыкадыровдун өкүлү 2021-жылдагы шайлоодо Чойбеков «добуш сатып алган» деген жүйө менен БШКга (БШК арызды канааттандырган эмес), андан кийин Бишкек административдик сотко кайрылып, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну өтүнгөн. 28-февралда сот ал өтүнүчтү канааттандырган. Кийин бул чечим боюнча Чойбековдун өкүлү шаардык сотко арызданган.

Аталган арыз 9-апрелде каралып, Бишкек шаардык соту биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырды.

Чойбековдун өкүлү Асылбек Рахманов шаардык соттун чечими боюнча Жогорку сотко кайрыларын билдирди. Ошондой эле ал «Чойбеков добуш сатып алган» деген билдирүүнү «ойдон чыгарылган доомат» деп атады.

Белгилей кетсек, Жогорку сот да мурдагы инстанциялардын чечимдерин күчүндө калтыра турган болсо, Чойбековдун мандаты Бишкектин мурдагы мэри Эмилбек Абдыкадыровго өтөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>