Таласта айт намаз 100дөн ашык мечитте окулуп, милиция коопсуздукту карады

Таласта айт намаз 100дөн ашык мечитте окулуп, милиция коопсуздукту карады

Бүгүн 10-апрелде Талас облусунда Орозо айт намазы 100дөн ашык мечитте окулуп, намаз учурунда милиция коопсуздукту карады. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Милициядан белгилешкендей, айт намазы башталгандан тартып, эл тараганга чейин милиция коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлгө алды. Айт намазы учурунда облус аймагында одоно тартип бузуулар катталган жок.

Айт намаз Таластагы 100дөн ашык мечитте окулуп, ага 10 миңден көп киши катышты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>