Ысык-Көлдөн Бишкекке баңгизат ташып бараткан эки адам кармалды

Ысык-Көлдөн Бишкекке баңгизат ташып бараткан эки адам кармалды

Ысык-Көлдө эки адам баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 12-август күнү Түп РИИБдин БМЖКККнын кызматкерлерине райондун аймагында белгисиз азия улутундагы жаран Бишкек шаарына автоунаа менен мыйзамсыз баңгизатын алып өтөөрү жөнүндө ыкчам маалымат келип түшкөн.

Бул маалымат каттоого алынып, КЖКнын 283-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

“Бандит” жана “Транзит” оперциясынын  алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, жогоруда аталган азия улунтундагы белгисиз адамдын өздүгү аныкталган жана өзүнө тийешелүү “Хонда Степвагон” үлгүсүндөгү унаасында шериги менен бирге сапар алып бара жаткан жерден, Түп райондук ЖККК кызматкерлери менен биргеликте токтотулуп, Күрмөнтү айылынын тушунан колго түшүрүлгөн.

Алар Түп районуна карштуу Бирлик айылынын 1973-жылы туулган А.Т. жана 1973-жылы туулган Ш.Т., болуп чыкты. Ошол замат автоунааны мыйзамдуу тинтүү жүргүзгөн учурда унаанын ичине катып койгон, целофанга оролгон жапайы кендирдин жыты бар кара-күрөң кочкул түстөгү заты  9 ширенкенин кутучасы табылып алынган. Тараза салмагын аныктаган учурда алынган баңгизат 0,170 граммды түзгөн.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын улануусунда, тез арада шектүүлөрдүн бири А.Тнын  жашаган дарегинде, Түп районунун Ой-Тал айылында, мыйзамдуу кечиктирилгис тинтүү жүргүзүлүп, тинтүү учурунда короосундагы мончосунун  босогосунун үстүндө урулган тактайдын ортосунан 4 (төрт) даана ширенкенин кутучасы жана үйдүн ичинен от жаккан мештин ичинен 40 (кырк) даана сыртынан скотч менен оролуп целофанга салынган  ширенкенин кутучасына  салынган кара-күрөң жашыл түстөгү баңгизаты жыттанган далил зат табылган.

Таразага салып, салмагын аныктаган учурда 0,770 граммды түзгөн, баардыгы болуп 0,945 граммды түзгөн.

Сурак учурунда шектүү А.Т. унаасынан жана үйүнөн табылган далил заттар шериги Ш.Тга тааныдык экенин билдирген. Өз учурунда  шектүү Ш.Тны сураган учурда, шектүү Т.Анын унаасынан жана үйүнөн табылган далил заттар ага тийешелүү экендигин толук мойнуна алган.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында соттук-химиялык экспертиза дайындалды. Шаардык соттун чечими менен кылмышка шектүү жарандарга карата тергөө мезгилинде эки айга камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды. Учурда тергөө амалдары уланууда.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>