Видео: Депутат Атазов суракка чакырылганын мыйзамсыз деп атады

Видео: Депутат Атазов суракка чакырылганын мыйзамсыз деп атады

Бүгүн, 1-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов 30-ноябрда Башкы прокуратурада болгон сурак тууралуу айтып берди.

Атазов прокуратура кызматкерлеринин депутатты суракка чакыруусун мыйзам бузуу деп атады.

«Бизге эл тарабынан көптөгөн арыздар түшүп жатат. Бул прокуратура органдарынын кылып жаткан иштерине нааразычылык болгон арыздар. Биз, кечээ, бул жерде элден түшкөн арыздарды «Башкы прокуратура карап койсун» деген ойду айттык. Биздин кабинетке үч прокурор келип, суракка чакырып кетти. Биз суракка чакырганга арданбайбыз. Конституция бузулуп жатат. Биз мамлекеттин саясатын колдогон депутаттарбыз. Коопсуздук, келечек үчүн президенттин саясатын колдоп жатабыз», — деди ал.

Сөзүн улай Атазов прокуратуранын ишине нааразы болгон жарандар арыздарын жөнөтүп жатканын билдирди.

«Адилетсиз иштерди жок кылабыз деп улам-улам революция болуп жатпайбы. Башкы прокурордон кечээ биз айткан маселелерди аягына чыгарып беришин сурайт элем. Сиздин кызматкерлер эки күндө жыйынтык болорун айтышты. «Бирөөлөр күбөлүктү көрсөтүп, биздин атыбыздан тоскоолдук кылып жаткандыр» дейт. Урматтуу төрага, депутаттардын иш бөлмөсүнө чейин келип, суракка чакырып кетсе, мыйзам бузулдубу же бузулган жокпу?», — деди ал.

Эскерте кетсек, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Шайлообек Атазов менен Жеңишбек Токторбаев Башкы прокуратуранын ишин сынга алгандан кийин, суракка чакырылган. Алар 3 саатка жакын убакыт суракта болгон.

Депутат Атазов 3 сааттан соң сурактан чыкты. Эмнелерди сураган?

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>