Сооронбай Жээнбековду дагы камаш керек, — депутат Токторбаев

Сооронбай Жээнбековду дагы камаш керек, — депутат Токторбаев

Бүгүн, 1-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев президент Садыр Жапаровго кайрылды.

Ал кечээки парламенттин жыйынында мурунку депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровго козголгон кылмыш иштер тууралуу айткандан кийин прокуратура суракка чакырганын билдирди.

“Биз кылмышкербизби? Мен 11 миң добуш менен келгем. Туура эмес иш болду. Биз башкы прокурорго асылдыкпы? Биз элдин арызын айттык. Аларды жеткирбесек, анда “балык” депутат болуп отурушубуз керекпи? Элдин үнүн жеткирдик. Менде ондогон арыздар бар”, — деди депутат.

Эл өкүлү прокуратура кызматкерлери Жээнбековдорду коргобошу керектигин айтты.

“Башкы прокурордун Жээнбековдор менен кандай мамилеси бар экенин билбейм. Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровго кошуп, Сооронбай Жээнбековду дагы сөзсүз камаш керек. Ал Атамбаев менен чогуу табакташ болуп жүргөндө анын жакшылыгын көрүп, жамандыгы болгондо бөлөк туруш керекпи?”, — деп ал президентке кайрылды.

Парламенттин кечээки жыйынында депутат Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровго козголгон кылмыш иштер тууралуу айткан.

“Асылбек Жээнбеков жана анын чөнтөктөш досу Төрөбай Зулпукаров экөөнө иш козголуп, эки ай түрмөдө отуруп чыгышты. Ушул убакка чейин эч кандай жыйынтык жок. Алар камалабы же өкмөткө келтирген зыянды төгүп береби? Ушул маселени элге айтып коюш керек. Же чоңдор менен куда-сөөк болгондон кийин унутулуп калабы?”, — деген ал.

Кийинчерээк Жеңишбек Токторбаев Башкы прокуратурадан сурактан чыкканы боюнча Фейсбуктагы баракчасына жазган.

Жээнбеков менен Зулпукаровго козголгон кылмыш иштер унутулуп калабы? — депутат

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>