Адам өлтүргөн жаран “Коопсуз шаардын” жардамы менен кармалды

Адам өлтүргөн жаран “Коопсуз шаардын” жардамы менен кармалды

Бишкекте адам өлтүргөн жаран “Коопсуз шаардын” камерасынын жардамы менен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин кызматкерлери С.Ибраимов жана Л.Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз жарандын күч колдонулуп, каза болгон денесин табышкан.

Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп,  ашкана бычагы табылып, соттук-медициналык, биологиялык, дактилоскопиялык жана химиялык экспертизалар дайындалган. Ошол эле күнү  маркумдун ким экендиги аныкталып, жакын туугандары тарабынан таануу жүргүзүлгөн.

Кылмыш иштин алкагында видеобайкоо камералары менен кылмыш изи изилдене баштаган. Милиция кызматкерлери окуя болгон Бишкек шаарынын С.Ибраимов жана Л.Толстой көчөлөрүнөн баштап “Коопсуз шаар” видеобайкоолорду кароо менен шектүүнүн изине түшүшкөн.

Октябрь РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан 9-ноябрь күнү таңкы  маалда Бишкек шаарынын Малдыбаев жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинен туруктуу жашаган жери жок,  Жалал-Абад облусунун 47 жаштагы тургуну Н.М кармалып, тергөө кызматына жеткирилген.

Шектүү мурда эки жолу соттолуп, түрмөдөн чыкканына эки жума болгон. Ал Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Алгачкы тергөө иштерини жүрүшүндө экөөнүн ортосунда чыр-чатак чыгып, экөө мушташып кеткени аныкталган.  Шектүү маркумду  бычак менен сайып, окуя болгон качып кеткендиги белгилүу болгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>