Баткен: Чек арадагы үйлөрдү сатуу тууралуу жарнамалар чыгууда — депутат

Баткен: Чек арадагы үйлөрдү сатуу тууралуу жарнамалар чыгууда — депутат

Бүгүн, 26-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов социалдык тармактарда Баткен облусунда чек арада жайгашкан үйлөрдү сатуу тууралуу жарнамалар чыгып жатканын билдирди.

Ал отурумда президент менен министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмазбек Абытовго кайрылып, бул маселени көңүл сыртында калтырбаш керектигин белгиледи.

«Акыркы кезде социалдык тармактарда Баткенде, айрыкча чек арада үй сатылат деген жарнамалар көп чыгып жатат. Бул кооптоно турган жагдай. Буга көңүл буруу керек. Муну эң жогорку деңгээлде жеке көзөмөлгө алуу зарыл. Болбосо ал жерде эч ким калбай калат», — деди ал.

Андан тышкары ал 14-17-сентябрдагы Тажикстандын агрессиясынан кийин Баткендеги Капчыгай айылы толугу менен талкаланганын акчасы бөлүнүп, буйрутма аткаруучу компания тандалганы менен бир айдан бери иш жасалбаганын билдирди.

Эскерте кетсек, 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуп, Тажикстандын агрессиясынан улам куралдуу кагылыш башталган.

УКМК Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет көрүп жатканын билдирген. Кагылышты токтотууга аракеттер көрүлүп, эки өлкөнүн УКМК башчылары, президенттери ортосунда ок атууну токтотуу боюнча макулдашуулар болгон. Ага карбастан ок атышуулар дээрлик түнгө барып басылган.

Камчыбек Ташиев чек арадагы жаңжалдын айынан аскер жана жай тургундар арасында курман болгондор бар экенин билдирген.

Кыргызстанда 19-сентябрь улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылыш боюнча билдирүү жасап, Тажикстан алдын ала пландап, Кыргызстанга кол салганын билдирди.

Куралдуу кагылыштын айынан Кыргызстан тараптан 63 киши, анын ичинде 50 аскер курман болуп, 200дөн ашык адам ар кандай жаракаттарды алган.

Бүгүнкү күнү чек арадагы абал тынч бойдон сакталууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>