22-август: өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайтКабминде социалдык коргоо тармагындагы негизги көйгөйлөр белгилендиКазакстандагы жол кырсыгынан кыргызстандык жаран каза болдуБишкекте Улуттук педагогикалык форум өтүүдө«Кыргыз керемети» жана «Мосфильм»: кадр артында калган окуяларКыргызстанда 8 райондо суу менен камсыз кылуучу райондук ишканалар түзүлөт
Депутат: Бензин арзандаса, жол кирени кошо арзандаткыла
28.09.2021 | 11:29
Бензиндин баасы 25-30 сом болуп турганда эмнеге арзандатышкан эмес? Бул суроону Бишкек шаарынын депутаты Таалайбек Сариев калаа бийлигине берди.
Ал “жол кирени ар дайым бензин кымбаттаганда көтөрүп бергиле деп депутаттарга келесиңер да, күйүүчү май арзан болуп турганда эмнеге арзандатып бергиле, кирешебиз көбөйүп жатат деп кайрылбайсыңар? Саясат жүргүзөбүз дейсиңер, жүргүзсөңөр ушул жагын да карагыла”- деди.
Ушул тапта Бишкек шаардык кеңеши жол кире акысын көтөрүү маселесин карап жатат. Маршруттук таксилерге 15 сом, троллейбус, автобуска 11 сом тариф сунушталууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика