Керектөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдүБишкекте Шакиранын концертине байланыштуу айрым көчөлөр жабылды
Депутат бир жылдан бери жумуш орду жоктугуна нааразы
05.10.2022 | 15:10
Бүгүн, 5-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Арсланбек Малиев парламент төрагалыгына талапкер Нурлан Шакиевге суроо берип жатып, бир жылдан бери иш бөлмөсү даяр болбой жатканына нааразылыгын билдирди.
Ал жыйында Шакиевге “сиз депутаттарга тегиз карайсызбы?” деген суроо узатты.
“Менин жана жардамчы консультантымдын иш орду даяр эмес. Компьютер, принтер жок. Мен кеңсеге барып иштеп жатам. Жакында бир жыл болот. Бул маселени президенттин иш башкармалыгы менен кантип чечесиз?”, – деп суроо салды.
Шакиев төрага болуп шайланып калса, эл өкүлүнүн маселесин тез арада чечип берүүгө аракет кыларын билдирди.
Бүгүн, 5-октябрда Талант Мамытов парламенттин төрагалынынан кетип, анын ордуна Нурлан Шакиевдин талапкерлиги көрсөтүлдү.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом