Депутат Бишкектеги ыштын себеби цемент заводу экенин айтты

18.05.2026 | 11:40

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында депутат Махабат Мавлянова Бишкектеги ыштын себептеринин бири цемент заводу экенин билдирди.

Депутаттын айтымында, ар бир кыргызстандык таза абага болгон конституциялык укукка ээ, бирок мамлекеттик органдар бул багытта жетиштүү иш алып барбай жатат.

«Эгер азыр Ортосай айылынын үстүндөгү тоого чыксаңыздар, шаардын үстүн каптаган ышты көрүүгө болот. Шаардын ичинен бул көрүнбөйт. Эгер абанын булганышы кайдан чыгып жатканын мониторинг кылса, бул цемент заводунан болуп жатат», — деди ал.

Мавлянова бул маселени комитет көзөмөлгө алышы керектигин белгиледи. Анын айтымында, заводдун ишинен улам Чүйдүн жарымы жана Бишкектин чоң бөлүгү жай мезгилинде дагы булганууда.

«Бир эле завод баарын булгап жатат. Ошондуктан балдарыбыз ооруп жатат. Биз муну байкабайбыз жана булагын билбейбиз. Баары абанын булганышынан», — деди депутат.

Scroll to Top