АКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт
Министрлик «Акыркы коңгуроодо» акча чогултууга тыюу салынганын эскертти
18.05.2026 | 11:38

Агартуу министрлиги мектептердеги «Акыркы коңгуроо» салтанатына байланыштуу бүтүрүүчүлөрдөн жана ата-энелерден акча чогултууга тыюу салынганын эскертти.
Министрликтин № 593/1 буйругуна ылайык, төмөнкү аракеттер мыйзамсыз деп табылат:
- салтанатты өткөрүү үчүн акча чогултуу;
- мугалимдерге же мектеп жетекчилигине белек алуу үчүн каражат топтоо;
- мектептен тышкаркы иш-чараларды уюштуруу;
- ата-энелерге материалдык басым көрсөтүү.
Бул чаралар коррупциянын алдын алуу жана ата-энелерге ашыкча чыгым келтирбөө максатында кабыл алынган.
Быйыл «Акыркы коңгуроо» 29-май күнү өтөт. Мекеме иш-чарада коопсуздук эрежелерин сактоо, окуучулардын унаа башкаруусуна жол бербөө жана балдардын коопсуздугуна көңүл буруу зарылдыгын да белгиледи.