Депутат чакан насыя алгандарды кара тизмеден чыгарууну сунуштоодо

Депутат чакан насыя алгандарды кара тизмеден чыгарууну сунуштоодо

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев чакан насыя алган кыргызстандыктарды кара тизмеден чыгарууну сунуштоодо. Бул тууралуу ал парламенттин жыйынында билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, чакан насыя бул 500 миң сомдон ашпаган карыз. Ал мындай жаран кредиттик тарыхын тазалай алат деп эсептейт.

«Кредитти кандайдыр бир себептер менен өз убагында төлөй албай калгандарды кара тизмеден чыгарууга болот деп эсептейм. Улуттук банк тиешелүү мыйзам долбоорун же токтомду киргизе алат. Бул маселени көзөмөлгө алыңыз», — деди Эмил Жамгырчиев.

Улуттук банктын төрагасынын орун басары Манас Жакыпов депутат көтөргөн маселе коммерциялык банктардын өкүлдөрү менен жолугушууда талкууланарын билдирди.

«Бирок бардык тобокелдиктерди изилдөө керек. Ошондо гана так жооп бере алабыз», — дейт Манас Жакыпов.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>